Бишкек, "Саясат.kg". Уктап калса да жабыла шайлап алышты.
Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба өкмөт башчылыгына кайрадан шайланып жаткан маалда уктап калган.
Биринчи добуш берүү маалында эки колун кайчылаштырып, көзүн жумуп, ылдый карап, ошол бойдон таттуу уйкунун кучагына кеткен.
Министрлер Кабинетинин башкы катчысы Есимаса Хаясинин айтымында, окуяга жапон премьер-министринин суук тийген дарыларды ичкени себеп болгон жана дарылар уктатоочу таасирге ээ болгон. Ал Исибанын ден соолугунда олуттуу көйгөй жоктугун, бирок 9-ноябрь күнү кечинде дарыгерлерди чакырууга аргасыз болгонун баса белгиледи.
Бирок Исиба уктап калганына карабай премьер-министрликке ийгиликтүү кайра шайланды.