Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 2210

Түркиянын укук коргоо органдары Анкарадагы терактты жасагандардын бирөөсүнүн өздүгүн аныктады.

Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая билдирди.

Анын ысымы — Али Орек, каймана аты — Ройгер. Ал Түркияда террордук уюм катары тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясынын мүчөсү болгон.

Йерликая терактка катышкан аялды аныктоо аракеттери уланып жатканын кошумчалады.

23-октябрда Анкаранын Кахраманказан районундагы авиацияны долбоорлоо жана модернизациялоо менен алектенген «TUSAŞ» аэрокосмостук компаниясына кол салуу болгон. Алгач имараттын жанында жардыруу болуп, андан соң куралчан адамдар ичкери киришкен. «A Haber» басылмасынын булактарынын айтымында, кол салган адамдар имаратка такси менен барышып, алгач кол гранатасын ыргытышкан. Кол салуудан 5 киши каза болуп, 22 адам жарадар болду. Түркиянын Ички иштер министрлиги эки террористтин жок кылынганын билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган террордук коркунучтарга каршы күрөштү улантууга убада берди. Ошол эле күнү өлкөнүн Коргоо министрлиги Күрдистан жумушчу партиясынын Ирак жана Сириядагы 32 объектиси жок кылынганын маалымдады.