Томастын аткан огу Трамптын кулагынын учун чырпып өттү, бирок анын огунан митингге чогулган элдин арасынан бир адам өлдү, экөө жарадар болду.

ФБР Пенсильвания штатындагы Батлер шаарындагы шайлоо митингисинде Дональд Трампка ок аткан адам 20 жаштагы Томас Метью Крукс экенин жарыялады. Ал шаар четинде ата-энеси болуп, эч ким менен чатагы жок жашап жүргөн, Республикачылдар партиясынын тарапкери болуп катталган.
Томастын аткан огу Трамптын кулагынын учун чырпып өттү, бирок анын огунан митингге чогулган элдин арасынан бир адам өлдү, экөө жарадар болду.
Аны Трампты мурдагы президент катары кайтарган Жашыруун кызматтын кызматкерлери атып өлтүрүштү. Томас Крукстун жанында документтери болгон эмес, анын тергөөчүлөр ДНК алып такташты.
Томас Крукс Питтсбургдун четиндеги Бетел-паркта ата-энеси менен жашап жүргөн, бул кол салуу болгон жерден 70 км аралыкта. 2022-жылы ал мектепти ийгиликтүү аяктап, математика жана табигый илимдер боюнча 500 доллар сыйлык алган, бул жөнүндө жергиликтүү гезит жазган экен.
Америкалык басма сөздүн жазганына караганда, кол салуу болгон убакта Крукс Demolition Ranch деген логосу бар кийимчен жүргөн. Бул Ютубдагы миллиондогон катталуучусу бар, куралдар менен жардыргыч заттар көрсөтүлгөн видео канал.
Укук коргоо органдары Томас Крукс аткан куралды мыйзамдуу түрдө анын атасы жарым жыл мурда сатып алганын аныкташты. Анонимдүү булактарга таянып, Associated Press агенттиги жазып чыкты.
СҮРӨТТҮН БУЛАГЫ,REUTERS
Мотивдери белгисиз
«Азыркы убакта анын мотивин аныктай элекпиз»,-деди ФБРдин Питссбургдагы бөлүмүнүн башчысы Кевин Роджек.
Анын айтымында, иликтөө бир нече айга созулушу мүмкүн. Тергөөчүлөр Трампты атууга Круксту эмне түрткөнүн аныктоого бардык аракетти көрөт.
Жекшембиде күн аягындагы башка брифингде Роджек ФБРдын кызматкерлери Крукстун социалдык тармактагы баракчасын изилдеп жатышканын айтты.
«Азыр андай эле коркунучтуу нерсе көргөн жокпуз. Бирок аз эле убакыт болду»,-деди.
Андан сырткары, ФБРдын бөлүм башчысынын айтымында, Крукстун телефону Виржинияга лабораторияга экспертизага жиберилди. Анын байланыштарын алгачкы изилдөө дагы анын мотивин көрсөтө албады.
ФБРдын колунда Крукстун психикалык бир оорусу болгону тууралуу маалымат дагы жок.
Томастын атасы Метью Крукс CNN телекомпаниясына эмне болгонун таптакыр түшүнбөй калганын, адегенде укук коргоо органдары менен сүйлөшө турганын билдирген.
Кол салуу болгондон кийин жекшембиге караган түнү полиция Крукстардын үйү жашаган аймакты курчоого алып, анын коңшуларын эвакуация кылды. Жергиликтүү полиция Крукстун үйүндө жардыргыч заттар табылганын айтууда. (КС)