Бишкек, "Саясат.kg". Ал жардам сураган үндү угаары менен чатырга чыккан.
Россиянын Екатеринбург шаарында таксист болуп иштеп жүргөн кыргызстандык жаран көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт учурунда орус жаранын куткарып калган.
Россиялык басылмалар жазып чыккандай, Бобур Каримов үй өрттөнүп жатканда ошол тараптан өтүп бараткан. Өрт арасынан кимдир бирөөнүн жардам сураган үнүн угуп калган. Ал үйдүн чатырына чыгып, өрттө калган киши шланг менен түшүп кетүүгө аракеттенип, бирок орто жолдо калганын көргөн. Ал кишиге шланг аркылуу ылдыйкы кабаттагы кондиционерге жетүүгө жардам берген.
"Мен келген кезде өрт күчөп кеткен экен. Өйдө жактан "жардам бергиле" деген үндү угаарым менен дароо тепкич менен көтөрүлдүм. Ал жактан өрт өчүргүчтү көрүп, жардамымды сунуштадым", - деген ал.
Маалыматка караганда, 7-майда аталган шаардагы Союзный көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жогорку кабатында өрт чыккан. Батирдин жашоочусу өрттөн качам деп терезеден кулап кеткен. Канча бир убакыт балконго жармашып турган да, андан кийин ылдый кулап, дүкөндүн чатырына түшкөн. Дагыгерлер анын өмүрүн сактап калышты. Жергиликтүү тургундар өрт өчүрүүчү техника үйдүн айланасында токтотулган автоунаалардан улам убагында кире албаганын билдиришкен.