Өзбекстандын Сырдарья облусундагы банк кызматкерлери жарандар кайтарып бербеген насыяларды өз чөнтөктөрүнөн төлөп берүүгө аргасыз болушууда.

Швеция башкалаасына жакын Солна округдук соту өзбекстандык 46 жаштагы адамды теракт даярдоого аракет кылганы үчүн жети жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу Нью-Йорктун прокуратурасы билдирди.

Орусиянын бир нече шаарында Интернет эркиндиги үчүн митингдер өттү. Акциянын катышуучулары Мамлекеттик дума тарабынан кабыл алынган орус интернет сегментин изоляциялоо жөнүндөгү мыйзамга каршы чыгышты.

"Боинг-737" 10-март күнү эртең менен Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган.

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда карышкырлар 83 жаштагы кемпир менен анын 55 жаштагы кызын талап өлтүрүштү.

Кандай маселе болбосун өз көз карашын ачык айткан, “шайлоо системасын өзгөртпөсөк элдин шору дагы 10 жыл кайнап, аягы кан төккөн революция менен акташы мүмкүн”- деген Азимбек Бекназаров менен кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

Лондондун ВИЧ менен ооруган тургуну дүйнөлүк медицина тарыхында СПИДден айыккан экинчи адам болуп калышы мүмкүн.

4-мартта Алматыдагы Наурызбай районунун акимчилигине келген ондогон аялдар бийликке ишенбөөчүлүк көрсөтүп, Нурсултан Назарбаевди бийликтен кетүүгө чакырышты.

АКШ президенти Дональд Трамп 2014-жылы Украинадагы абалга карата Орусияга киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартты.

1-мартта Ташкенттин жетекчилиги борбордогу имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаар акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов Кытай бийлиги Шинжаң аймагында кармалган казактарды бошото баштаганын билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облусунун активисттери менен жолуккан маалда өлкөнүн Ички иштер жана Коргоо министрлигинин ашыкча салмактагы кызматкерлерин сынга алып, аларга арыктоого 6 ай убакыт берди.

Казакстандык көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу апелляциялык сот отуруму 13-мартка белгиленди.

Өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усманов (Жайлуу айыл) программасынын алкагында Наманган облусуна кайтарымсыз түрдө 50 миллион АКШ долларын бөлдү.

Өзбекстандын Термез районунда кафеси түрттүрүлгөнүнө нааразы болгон ишкер райондук акимчилик алдында өзүнө өрт койду.

Google издөө кызматы жана Facebook менен Twitter социалдык түйүндөрү такталбаган маалматтарга каршы күрөшүү боюнча убадаларын аткарбай жатышат.

Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук сотунда Тажик мамлекеттик медициналык университетинин мурдагы кызматкеринин жогорку окуу жайга карата доо арызы каралууда.

Кытай жаранына турмушка чыккан намангандык Саида аттуу кыз күйөөсү орой мамиле жасаганын айтып, үйүнө кайтууга жардам сураган.

Дүйшөмбүгө караган түнү Лос-Анжелесте америкалык киноакадемиянын «Оскар» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара 30 жылдан бери алгачкы жолу алып баруучуларсыз өттү.