Оорудан 29 700 киши айыкканы кабарланууда. 78 миң адам вирусту жугузуп алган. Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы жаңы катталган учурлар азая баштаганын маалымдады.

Египетти дээрлик 30 жыл башкарып турган Хосни Мубарак 25-февралда, 91 жаш курагында көз жумду.

Австриянын Тироль провинциясында коронавирус (COVID-19) жуктурган алгачкы учурлар катталды.

 Казакстандын Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына жеткирилген 43 жаштагы Дулат Агадил аттуу активист каза болду.

"Diamond Princess" круиздик лайнеринде дагы бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Коронавирус катталган өлкөлөрдүн саны өстү. Иран, Ирак, Кувейт, Израиль, Бахрейн жана Ооганстан мамлекеттеринде вирусту жуктуруп алгандар аныкталды.

Палестиндик топ менен Израиль Египеттин жана БУУнун ортомчулугунда ок чыгарбоо келишимине макулдашты.

Эл аралык валюта фонду 2020-жылга карата экономикалык өсүштү 0,1% чейин түшүрдү. Ал эми Кытайдагы өсүш 6 пайыздан 5,6% чейин төмөндөдү.

Кей-би-эс телеканалынын маалыматына караганда, адамдар дүкөндөргө баруудан качып, жапырт интернет дүкөндөрдүн кызматынан пайдаланууга өтүштү.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык агенттиги Афганистанда коронавирус катталганына байланыштуу өзбек-афган чек арасын жабууну сунуштады.

Түштүк Кореяда коронавирустан жабыр тарткандардын саны 893 адамды түздү.

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад 93 жашында отставкага кетти.

Коронавирустан 2 699 адам каза болду. Бул тууралуу 25-февралга карата Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы маалымат жарыялаган.

Коронавирустан 2 470 адам каза болду.

Аба каттамдары тууралуу маалыматтарды чогулткан OAG компаниясы эң кирешелүү авиакомпаниялардын рейтингин түздү.

Италиянын Ломбарди жана Венето провинцияларындагы 11 шаар карантинге жабылды. Шаарлардагы 50 миңдей жашоочу бийликтен үйдөн чыкпоо боюнча эскертүү алды.

Япониядагы саякат кемедеги карантинден чыгарылган кыргызстандык жарандын абалы жакшы.

Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 77 миң 150 адамга жетип, алардын ичинен 2592 адам каза болду.

Жергиликтүү укук коргоочулар кабарлагандай, кармалгандардын көпчүлүгү коё берилген, айрымдары административдик жазага тартылды.

«Зомбулукту азайтуу» макулдашуусу ийгиликтүү болсо, Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлат.