“Алты айдын эсеби менен Ички дүң продукциянын көлөмү 5,3%га кыскарып, 228 млрд сомду түздү. Өлкөбүздүн экономикасынын өсүшү 94,7%ды түздү. Мында өнөр жайыбыз нейтралдуулукту сактап, 0,1% гана өстү. Ал эми айыл чарба сектору 1,6%га өсүшүн көрсөттү. Эң чоң төмөндөө курулуш тармагында (10%) жана кызмат көрсөтүү тармагында (9,2%) байкалды”, - деп билдирди КР экономика министри Санжар Муканбетов. 

Анын айтымында, эл аралык уюмдардын баалоосу боюнча экономиканын өнүгүшү 3-10%га чейин кыскарары белгиленген. Ал эми Дүйнөлүк Соода Уюму товар алмашуу дүйнөдө 30%га чейин кыскарат деген божомол чыгарган.