КР Экономика министри Санжар Муканбетов брифингде КР Өкмөтүнүн тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражатарынын аныкталган түрлөрүн жана медициналык буюмдары ташып чыгаруга убактылуу тыюу салынганын билдирди.
Ал белгилегендей, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча төмөнкү чаралар бекитилген:
-2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөттөрүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу;
-салык карызынын суммасы боюнча мөөнөтүн 1-апрелден 1-октябрга чейин 2020-жылга чейин кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө;
-2021-жылдын 1-январына чейин салык текшерүүлөрүн жүргүзүүгө тыюу салуууну киргизүү;
-2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды банкроттук процедураларын жүргүзүүгө убактылуу тыюуну киргизүү;
Ошондой эле министрдин айтымында, ишкердик субьекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча 14,0 млрд сом өлчөмүндө кризиске каршы фонд түзүлдү.
"ЕЭК Кеңеши ЕАБ аймагыда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу жана жок кылуу үчүн импорттолуучу товарларды ташып кирүү бажы алымдарынан бошотуу чечимин кабыл алган: ал жеке коргоочу каражаттарына, дизинфакция каражаттарына диагностикалык реагенттерге, медициналык жабдуулардын эана материалдардын айрым түрлөрүнө жайылтылат.
ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыктарга жол бербөө максатында, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен ЕАЭБ аймагынан азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга тыюу салынган.
2020-жылдын 1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактурасынын маалыматтык системасы киргизилди.
⚠️ 2020-жылдын1-июлунан тартып май куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы колдонуу боюнча милдеттенмелер киргизилген", - деди ал.