Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 6 айында ишкерлерлерге карата 5 миң 868 текшерүү жүргүздү.
Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 7 млрд 717,4 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы бюджетке кошумча эсептелди.
Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр 5 млрд 874,7 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу 1 млрд 566,2 млн сомго, же 76,1 %га көп.
Мындан сырткары, жыл башынан бери жалпы кошумча кошуп эсептелген 1 млрд 316,4 млн сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 115 материалы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилди.