Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылындагы "Достук-Кадырбек" айыл чарба кооперативи быйыл жогорку түшүмгө жетишти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин колдоосу жана лабораториялык анализдердин негизинде өсүмдүктөргө керектүү азык заттар убагында берилген. Бул агротехникалык ыкмалардын аркасында түшүмдүүлүк 2023–2024-жылдарга салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн.

Кооператив 6 гектар жерден жалпы 16,5 тонна кургатылган өрүк жыйнап, учурда аны ички жана тышкы рынокко чыгарууга даярдап жатат.

"Достук-Кадырбек" кооперативи буга чейин да продукциясын чет мамлекеттерге экспорттогон. Тактап айтканда:

- 2022-жылы АКШга жеке ишкер менен өнөктөштүктө;

- 2024-жылы "Бир айыл – бир продукт" долбоорунун алкагында Японияга экспорттолгон.

Азыр кооператив "3+2+1" долбоорунун алкагында иш жүргүзүүдө жана жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө.

Булак: koom.press