Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында энергетика министри Таалайбек Ибраев жана министрликке караштуу бир катар ишканалардын жетекчилери «Ганьсу өнөр- жай жана соода компаниясы Иньди» ЖЧКнын өкүлү Чжао Юншен менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан барган энергокомпаниянын жетекчилери жылына 1 млн тоннадан ашык өндүрүштүк кубаттуулугу бар «Ганьсу өнөр-жай жана соода компаниясы Иньди» ЖЧКнын ишмердүүлүгү жана курулуш объектилери менен таанышып, көмүр өндүрүү, ташуу жана байытуу боюнча заманбап технологиялар колдонулган ишканалар, турак жай комплекси, транспорттук инфраструктура, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча ирий долбоорлордун бар экендигине күбө болушту.

Жыйынтыгында энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусу менен «Электр станциялар» ААК, «Кыргызкөмүр» ААК жана «Ганьсу өнөр-жай жана соода компаниясы Иньди» ЖЧКнын ортосунда көмүр тармагында кызматташуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Булак: Кабар