Чүй облусунун Аламүдүн районунда заманбап технологиялар менен жабдылган “СалихАква” балык чарба комплексинин ачылыш аземи өттү.

Ага айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрөгасы Артем Новиков катышты.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрөгасы Артем Новиков айтымында, комплекс Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен курулуп, 1 млн доллар сарпталган.

“СалихАква — өлкөбүздө балык чарбасын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган долбоор. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен бул комплекс кыска убакытта курулуп бүтүп, бүгүнкү күндө толук кандуу ишке кирди. Жылына 3 миң 600 тоннадан ашуун балык өндүрүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле комплексте 30дан жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундар менен камсыз болот”,-деди ал.

Белгилей кетсек, комплекс аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталган эң ири долбоор.

Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, балык уруктарын өстүрүү үчүн инкубациялык жайлар жана суу тазалоо системалары камсыздалган.