Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 12,7%га өскөн.

«Айлык акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ошондой эле тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарда катталган», - деп кошумчалады ал.

Булак: Кабар