Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев "Кабар" улуттук агенттигине Кыргызстандын экономикасы тууралуу пикирин билдирген.
Ал өзүн бардык прогноздорго ишенбөөчүлүк менен караган адам экенин белгилеген элчи: "Албетте, мен биздин өкмөттүн өнүгүп жатабыз дегенине ишенбөөчүлүк менен карагам, өздөрүн айта беришет да дегем. Бирок Кыргызстандын экономикалык өсүшүн эл аралык абройлуу институттар да тастыктап жатышат. Демек, бул маалымат ынанымдуу, мен дагы ага толугу менен кошулам.
Кыргыз экономикасы 6-7-8 пайыз менен өнүгүүдө. Бул абдан чоң темп. Европада 1 - 0,5 % артка кеткен учурлар катталууда. Мындай фондо Кыргызстандын 6-8 пайыз менен өнүгүүсү суктанарлык өсүш", - деген ал.
2024-жылдын июнь айында Кыргызстандын экономикасы 560 млрд сомго чукулдап, 8,1 пайыз өскөнү жарыяланган.