Кыргызстанда касыздандыруу компанияларынын кирешелери 1,4 эсеге өскөнүн Улуттук статистикалык комитет жарыялады.
Маалыматка караганда, 2024- жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешеси 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге өсүп, 3,8 млрд сомду түздү. Мында кирешелердин жалпы суммасынын 80 пайыздан көбү келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалды.
Ошондой эле 9 айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары тарабынан 552 млн сом сальдолоштурулган пайда алынды, жана бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.
Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары тарабынан 959 миңге жакын камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Мында түзүлгөн келишимдердин дээрлик 93 пайызы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге, ал эми ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө 75 пайызга жакыны туура келди.