Быйыл Кыргызстан менен Россия мамлекеттеринин ортосундагы соода жүгүртүү өскөнүн Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Вакуновдун айтымында, кыргыз банктары санкцияга кабылган россиялык банктар менен операцияларды токтоткон. Бирок ошол эле учурда санкция жайылтылбаган банктар менен финансылык операциялар уланууда.

Ошондой эле ал кыргызстандык банктар мындай чараларды көрүүгө аргасыз экенин белгиледи. Анткени андай кылбаса алар банктар өлкөлөр ортосунда төлөмдөрдү алмашуу үчүн колдонгон система - SWIFTтен ажырап, экономикалык жашоо токтоп калмак. Ошондуктан, бул аргасыз чара.

“2024-жылдын жети айында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 27 пайызга өстү. Бул сооданын өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода операцияларынын 90 пайыздан ашыгы рубль менен жүргүзүлөт. Бул иште Кыргызстан дагы, Россия дагы эч кандай мыйзам бузган жок», — деди элчи.