Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү коопсуздуктун бекемделиши экономикалык көрсөткүчтөрдүн өнүгүшүнө алып келгенин билдирди. 

Депутат Сейитбек Зулпуев өлкөдө болуп жаткан жетишкендиктерге Акылбек Жапаровдун салымы чоңдугун белгиледи. 

Акылбек Жапаров ага жооп кылып коомдо коопсуздук жана туруктуулук болбосо экономикада да өсүү болбостугун айтты. 

"Мына, бул жерде Камчыбек Кыдыршаевич командасы менен отурат", - деди ал. 

Ошондой эле азыркы өнүгүүнү бекемдөөгө убакыт керектигине токтолду.

"2019-жылы бюджет 148 миллиард сомду түзгөн, а 2004-жылы эмгек төлөө фонду эле 145,6 миллиард сомго жетти. Бул процесстер экономикага бекем сиңиши үчүн 10 жыл убакыт керектелет. Бул экинчи толкундагы азия жолборстотунун тажрыйбасы - Вьетнам, Лаос жана Малайзиянын. 10 жыл аралыгында туруктуулукка жана коопсуздукка жетишип, аны тактай албасак, анда азыр баштап жаткан нерселер бекемделбей калат. Өнүгүүнүн башка деңгээлине өтүүгө минимум 10 жыл керек", - деди Жапаров.