2024-жылдын январь-сентябрь айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 791 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,8 пайызга, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алганда 6,7 пайызга өскөн.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырганда орточо айлык акынын жогорулоо темпинин өсүшү экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

"Негизинен эмгек акы дүң жана чекене соода, унааларды жана мотоцикл оңдоо тармагында 30,3 пайыз, курулушта 27,2 пайыз, башка кызмат көрсөтүү тармактарында 26,4 пайыз, кыймылсыз мүлк операцияларында 23,3 пайыз, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра иштетүү чөйрөсүндө 22,7 пайыз, кесиптик, илиймий жана техникалык ишмердүүлүк жаатында 22 пайыз, кен байлыктарды казуу тармагында 21,8 пайыз, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 21,6 пайыз, транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо - 15,8 пайыз, административдик жана көмөкчү иш - 14,4 пайыз,  кайра иштетүү өнөр жайларында (өндүрүш өнөр жайы) - 12,8 пайызга өскөн", - деп айтылат аталган министрликтин материалында.