Евразиялык банктын 2024-2026-жылдарга берген макроэкономикалык божомолунда 2024-жылы Кыргызстанда инфляция Улуттук банктын аныктаганынан төмөнүрөөк болоорун айтылды.

Буга чейин КР Улуттук банктын жакынкы же узак мөөнөттө жетүүгө тийиш деп өлчөнгөн планы 5-7 пайызды түзгөн.

“Быйыл азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшү жайлап калгандыктан инфляция темпи да төмөндөй баштады. Аны менен катар эле аталган банктын аналитиктери баанын көтөрүлүшүн эртелеп божомолдоп, эсепке алган эмес. Эгерде апрелде инфляция 5,2 пайызды түзсө, майда 4,4 болуп түшүп кеткен.

Жылдар боюнча божомол:

- 2024 — 4,3 пайыз (болот деген көрсөткүчтөн төмөн);

- 2025 — 6,9;

- 2026 — 6,5”, - деп айтылат Евразиялык банктын божомолунда.