Кыргызстанда "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоорунун алкагында 7,1 млрд сом пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Аталган суммага жалпы 10 миң 185 ишкер пайызсыз насыя ала алышты. Анын ичинен:
- 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 821 ишкерге 5 млрд 80 млн 703 миң 917 сом;
- 2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1305 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 72 млн 209 миң сомду түзгөн.
Министрлик долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылаарын белгиледи.