Бүгүн, 28-майда Бишкекте Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Анда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров консолидацияланган бюджеттин көлөмү 2024-жылга 670 миллиард долларга божомолдонуп жатканын билдирди.
Ал белгилегендей, 2020-жылы консолидацияланган бюджет 247,8 млрд сомду түзгөн. 3 жылдын ичинде бул сумма 577 млрд сомго жетти.
"2024-жылы 670 млрд сомду түзөрү болжолдонууда. Биз аны дээрлик 400 миллиард сомго көбөйттүк", – деди Жапаров.