Бүгүн, 28-майда Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган конференция өтүүдө.
Анда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында бул министрликти үч жолу башкаруу сыймыгына туш келгенин айтты. Андан сырткары парламенттеги иштеген жылдарын белгиледи.
"Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы болуу менен бюджеттин чыгашасына байланышкан бардык беренелерди түшүнүп, тажрыйбама тажрыйба коштум. Бул мага мектеп дагы, университет дагы, академия дагы болуп берди.
Ар бириңиздер менен иштешип, тажрыйба алдым. Финансы министрлигинин үй-бүлөсүнө таандык болгонума сыймыктанам", - деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмалар тууралуу айтты. Ал - 2023-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү.
"Бул тапшырманы аткаруу менен биз кирешеси ортодон жогору өлкөлөрдүн катарына кошулабыз. калктын жан башына улуттук кирешенин 4,4 миң долларлык индексин жеңүү керек", - деди ал.