“Кумтөр Гол Компани” ЖАКнын сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын 2021-жылдагы ишмердиги боюнча маалымат берди. Анын айткандарына ишенсек, жыйынтыкты жаман деп айтууга болбойт.
Ал өз сөзүндө “Кумтөрдү” толугу менен Кыргызстандын ээлигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аягына жакындап калганын айтты. Өткөн жылы “Кумтөрдө” 14 миң 561 кг. алтын өндүрүлгөн. Планга ылайык, 9 млрд. сом салык төлөө керек болсо, иш жүзүндө 13,6 млрд. сом салык төлөнгөн. 2021-жылы алтынды сатуудан жалпы 856 млн. доллар каражат түшкөн.
Тенгиз Бөлтүрүк ошондой эле компаниянын алдыдагы пландары, 2022-жылы аткарчу иштерге да токтолду. Алсак, алдыда алтынды бөлүп алуунун көлөмүн көбөйтүү, руданы жер алдынан казууну ишке киргизүү сыяктуу иштер турат. Компаниянын болжолунда, 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү күтүлүүдө.
“Ар кандай кыйынчылыктарга, тышкы башкарууга өтүп жаткан маалдагы Centerra Gold Inc. тарабынын болгон тоскоолдуктарга карабастан “Кумтөр Голд Компани” коюлган милдеттерди аткара алды. Рудник штаттык режимде токтоосуз, туруктуу иштеп атат. Салыктар, төлөмдөр убагында төлөнүп, бюджетке чегерилип жатат», - деди Т.Бөлтүрүк.
Булак: “Майдан. kg” гезити